Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылындагы жалпы баасы 26 млн 10 миң сомду түзгөн “Балажан” бала бакчасынын 3 корпустуу имараты жана 4800 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан козголгон сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен сот органдары тарабынан жогоруда аталган объекттерди жеке менчикке өткөрүү боюнча укук белгилөөчү иш-кагаздары жараксыз деп табылган.
Аталган объектилер Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.