Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Президенттин Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 4.3-бөлүмүн ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде төмөнкүлөрдү түзүү менен
2023–2024-жылдарга пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын:
Ак-Талаа району боюнча:
– Кош-Дөбө, Жерге-Тал жана Коңорчок айыл аймактарын бириктирип, Чолок-Кайың айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ала-Буга айыл аймагын;
– Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айыл аймактарын бириктирип, Ак-Чий айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Бүргөн айыл аймагын;
– Баетов, Терек жана Үгүт айыл аймактарын бириктирип, Баетов айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баетов айыл аймагын;
– Ак-Тал, Жаңы-Талап, Көк-Жар, Тоголок-Молдо жана Кызыл-Белес айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Талап айылын административдик борбор деп аныктоо менен Тоголок-Молдо айыл аймагын;
Ат-Башы району боюнча:
– Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айыл аймактарын бириктирип, Ат-Башы айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагын;
– Казыбек жана Кара-Коюн айыл аймактарын бириктирип, Кызыл-Туу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Казыбек айыл аймагын;
– Ак-Моюн жана Ак-Муз айыл аймактарын бириктирип, Ак-Моюн айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ак-Моюн айыл аймагын;
– Баш-Кайыңды жана Талды-Суу айыл аймактарын бириктирип, Баш-Кайыңды айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баш-Кайыңды айыл аймагын;
– Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарын бириктирип, Кара-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын;
Жумгал району боюнча:
– Жаңы-Арык жана Куйручук (Кырчын айылынан башкасы) айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Арык айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кызарт айыл аймагын;
– Жумгал жана Чоң-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Жумгал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жумгал айыл аймагын;
– Түгөл-Сай жана Таш-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Түгөл-Сай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Түгөл-Сай айыл аймагын;
– Байзак жана Баш-Кууганды айыл аймактарын бириктирип, Байзак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Байзак айыл аймагын;
– Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактарын бириктирип жана Куйручук айыл аймагынын Кырчын айылын кошуп, Чаек айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чаек айыл аймагын;
– Миң-Куш жана Кабак айыл аймактарын бириктирип, Миң-Куш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Куш айыл аймагын;
Кочкор району боюнча:
– Кочкор, Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Көк-Жар айыл аймактарын бириктирип жана Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылын кошуп, Кочкор айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кочкор айыл аймагын;
– Кум-Дөбө айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы жана Кара-Тоо айылдарын кошуп, Кум-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кум-Дөбө айыл аймагын;
– Чолпон айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылын кошуп, Чолпон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чолпон айыл аймагын;
– Кара-Суу жана Талаа-Булак айыл аймактарын бириктирип, Мантыш айылын административдик борбор деп аныктоо менен
Кара-Суу айыл аймагын;
– Сары-Булак жана Соң-Көл айыл аймактарын бириктирип, Сары-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Сары-Булак айыл аймагын;
Нарын району боюнча:
– Дөбөлү жана Орток айыл аймактарын бириктирип, Дөбөлү айылын административдик борбор деп аныктоо менен Дөбөлү айыл аймагын;
– учурдагы чек араларын өзгөрүүсүз калтыруу менен Чет-Нура айыл аймагын;
– Миң-Булак, Он-Арча, Эмгекчил жана Кара-Кужур айыл аймактарын бириктирип, Куйбышев айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Булак айыл аймагын;
– Жерге-Тал жана Казан-Куйган айыл аймактарын бириктирип, Жерге-Тал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жерге-Тал айыл аймагын;
– Жан-Булак жана Достук айыл аймактарын бириктирип, Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жан-Булак айыл аймагын;
– Учкун жана Сары-Ой айыл аймактарын бириктирип, Куланак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Учкун айыл аймагын;
– Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл аймактарын бириктирип, Ак-Талаа айылын административдик борбор деп аныктоо менен Эмгек-Талаа айыл аймагын.
- Ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин учурдагы депутаттары алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары болуп аныкталсын.
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары ушул Жарлыктын 1-пунктунан келип чыгуучу маселелерди чечүү боюнча уюштуруу-тескөө чараларын көрсүн.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында бошогон муниципалдык кызматчыларды ишке орноштуруу, компенсацияларды төлөө жана аларды кайра даярдоо маселелерин чечсин;
– Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин иштөө тартибин аныктоо боюнча убактылуу жобону иштеп чыксын;
– Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарынын убактылуу жобосун, түзүмүн жана штаттык расписаниесин иштеп чыксын;
– бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдердин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо боюнча ыйгарым укуктары бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык келтирилсин;
– пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде:
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине киреше салыгынан түшүүчү каражаттардын 50 пайызын Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун райондорунун өнүктүрүү фонддоруна багыттасын;
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарын кайра уюштуруунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине багыттасын;
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 10 000 000 (он миллион) сомдон бөлүп берсин;
– Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына тиешелүү финансылык камсыздоо менен төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берсин:
мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө;
ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга сууну бөлүштүрүү; ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү жана жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү;
– социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;
– 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.