Жаңылыктар
Парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарады
Саясат
Парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарады

Социал-демократтар фракциясы чыгып кеткендигине байланыштуу парламенттеги көпчүлүк коалиция тарады. Фракция көпчүлүктөн чыгуу чечимин бүгүнкү жыйынында кабыл алды. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай кадамдын максатын - бир коалициядагы фракциялардын саясий көз караштары дал келбей калгандыгы менен түшүндүрдү. 

Эми көпчүлүк альянстын кулашы менен өкмөт отставкага кетип, жаңы министрлер кабинети куралышы керек. Саясий көз караштар жана парламенттик коалициянын мындан аркы тагдырына карата мыйзамдын талабы кандай? 

Депутаттардын дээрлик көпчүлүгү парламенттик коалициянын ыдыраганын республикалык бюджет боюнча өтүп жаткан жыйында билишти. Бюджет жана каржы комитети өкмөттүн толук курамы менен 2016-жылдын бюджети жана алдыдагы жылдарга божомолун угуп жатканда эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров КСДП фракциясы коалициядан чыгуу чечимин кабыл алганын билдирди.



Саясий серепчилер Социал-демократтардын көпчүлүктөн чыгышын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпатташып, фракция бул кадамын өз убагында жасаганын белгилешет. Көпчүлүк коалициянын КСДПнын демилгеси менен кулашы керексиз талаш-тартыштарга жана парламенттин ичиндеги ажырымга биротоло кирип кетүүдөн сактайт деген пикирлер басымдуу.

Эми жаңы альянс КСДП, “Республика-Ата Журт” жана Кыргызстан фракцияларынын түзүлөрү айтылууда. Анда 3 фракциянын жалпы мандаты 84 болот. Бул коалициялык көпчүлүккө жетиштүү, анткени коалиция куроо үчүн 60 добуш жетиштүү. Калган “Ата Мекен”, “Бир Бол” жана “Өнүгүү-Прогресстин” оппозицияга өтүшү жаңы альянстын ишине эч кандай таасирин тийгизе албайт. ))

Албетте Ата Мекен фракциясы эми алар коалицияга чакырылбасын азыртадан эле билип турушат. Ата мекенчилер парламентте саясий абалдын мына ушундай өңүттө өнүгүүсүн өздөрү деле күтүп жүргөндөй.
 
Көпчүлүк коалициянын кулашы менен бүгүнтөн тартып өкмөт отставкага кетти. Алар өз милдеттерин министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгиче аткарышат. Ал эми президент коалициянын тараганы боюнча расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде фракциялардын бирине көпчүлүктү куроо мандатын берет. Жаңы коалиция 15 жумушчу күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитиши керек.