Жаңылыктар
УКМК төрагасына кайрылган адам паспорт алды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК төрагасына кайрылган адам паспорт алды

Үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу 33 жылдан бери өздүгүн тастыктоочу документ ала албай жүргөн адам паспорт алды. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1990-жылы туулган Бишкекте төрөлүп, бирок Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Максим Чернышовду кабыл алды. Көрүлгөн чаралардын негизинде ага ID-карта жана эл аралык паспортко керектүү болгон документтер калыбына келтирилген.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 16-мартында Фейсбук аркылуу Чернышов УКМКнын төрагасына паспорт алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Маалыматтарга караганда, Максимдин биологиялык ата-энеси 1990-жыды балдар үйүно таштап кеткен. Аны Бишкек шаарынын тургундары багып алышкан. Чернышов буга чейин калкты тейлөө органдарына документ алуу үчун бир нече ирет кайрылган. 

Бирок майнап чыккан эмес. Буга ата-энесинин жана паспорт берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугу себеп болгон.