Жаңылыктар
9-апрелде шайлоодо электрондук добуш берилет
Кыргызстан жаңылыктары
9-апрелде шайлоодо электрондук добуш берилет

Ушул жекшемби күнү боло турган айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо 14 өлкөдөн 841 кыргызстандык онлайн добуш берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Белгилей кетсек, электрондук добуш берүү пилоттук режимде Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо апробацияланат.

Онлайн добуш берүү ыкмасы өлкө тарыхында биринчи жолу колдонулуп жатат. Азырынча пилоттук режимде Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо апробацияланат. Бул үчүн биометрикалык каттоосу бар шайлоочулар 24-мартка чейин «Тизме» порталы жана добуш берүү тилкелери аркылуу арыз тапшырышкан.

Маалыматтар боюнча жалпысынан 14 мамлекеттен 841 кыргызстандын жараны арыз калтырып, электрондук добуш берүү укугуна ээ болду. Алардын 340 Россия жергесинде жүргөн мигранттар экени айтылды.

Эскерте кетсек, 9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болот. 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 97си аялдарга берилет.