Жаңылыктар
Нарын облусундагы 63 айыл аймак 27ге чейин азаят
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусундагы 63 айыл аймак 27ге чейин азаят

Административдик-аймактык реформанын алкагында Нарын облусундагы 63 айыл аймак 27ге чейин азаят. Ирилештирүүдөн кийин бир эле Нарын районундагы айыл өкмөттөрдөн болжолдуу 100 штат кыскарып, орто эсеп менен 35 миллион сом үнөмдөлөт. Пилоттук долбоордун негизинде топтолгон тажрыйба жана кемчиликтер, өлкөнүн башка аймактарында ишке аша турган реформада эске алынат. Айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши да күтүлүүдө.

Нарын районундагы үч миңден ашык калкы бар Орток айыл аймагы Таш-Башат, Кайыңды, Орук-Там жана Эки-Нарын болуп, төрт айылдан турат. Административдик-аймактык реформанын алкагында Дөбөлү, Алыш жана Кеңеш айылдарын бириктирген Дөбөлү айыл аймагы менен бириктирилүүдө. 7 кыштак кошулган-- айыл аймактын борбору ушул эле Дөбөлү болот.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде бириктирилген айыл аймактарынын жергиликтүү бюжеттеринен киреше салыгына түшүүчү каражаттардын 50 пайызы райондордун өнүктүрүү фонддоруна которулуп, калганы айылдык казына калтырылат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бириктирилген айыл аймактарга, республикалык бюжеттен кошумча 10 миллион сомдон бөлүнүп берилет. Ал эми, айылдык кеңештеринин учурдагы депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин, бириккен айыл аймактарынын депутаттары катары иштей беришет.

Ирилештирүүнүн негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары кеңейтилүүдө. Айыл аймак башчыларын акимдер дайындай турган болууда.