Жаңылыктар
Депутаттык комиссия: алтын уурдалган эмес...
Кыргызстан жаңылыктары
Депутаттык комиссия: алтын уурдалган эмес...

"Кумтөрдүн" алтыны уурдалып, сатылган - деген маалымат жалган экени аныкталды. Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия журналисттерге маалымат берди. Депутаттардын айтымында, алар бардык документтер менен таанышып, тиешелүү мекемелердин баарына барып чыгышкан. Анын жыйынтыгында, сатылган алтындан 1 миллиард доллардан ашык каражат бюджетке түшкөнүн, дагы 47 тонна алтын кампада турганына күбө болушкан. Теманы Акмарал Сабатар улантат.

Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия жарым жылдан ашык иш алып барып, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казылып алынышын жана сатылышын иликтеп чыкты. Буга 19 тоннадан ашык алтындын тегерегиндеги кептер негиз болду. Анда баалуу металл "тигил же бул өлкөгө сатылып кетиптир” деген такталбаган маалыматтар тарап жатты. Комиссия өкүлдөрүнүн айтымында, чындап эле 2021-жылдын ичинде 19,2 тонна алтынды эл аралык рынокко алып чыгуу жана андан ары сатуу боюнча операциялар ишке ашырылган. Анын натыйжасында Улуттук банк болжол менен 1,1 млрд долларды киреше катары алган

 Эл өкүлдөрүнүн айтымында иштин жүрүшүндө аларга эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Бардык суралган документтер берилип, а түгүл Улуттук Банкта сакталган алтынды да өз көздөрү менен көрүп чыгышкан. Жалпы көлөм 47 тонна. Швейцариянын UBS Group AG коммерциялык банкында Кыргызстандын 1,3 тонна баалуу металлы сакталса, калган өндүрүлгөн алтын өлкөнүн башкы банкынын кампасында экен.

Ошондой эле иликтөөнун жүрүшүндө эл өкүлдөрү аткаруу бийлигине алтын кенде рекультивация маселесин чечүүнү да тапшырууга жетишишкен. Мурдагы чет элдик компания бул жаатта конкреттүү программасы жок болгон. Тактап айтканда, кен казуу иштери токтогондон кийин, айлана-чөйрөнү кантип калыбына келтиребиз деген суроого баштарын ооруткан эмес. Эске салсак, жыл башында Президент Садыр Жапаров “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда кен былтыр 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, 32,1 млрд сом милдеттүү төлөмдөр которулганы белгиленген.