Жаңылыктар
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жолдору
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жолдору

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш негизги кадамды атады. Эл аралык талаптарга жооп бергидей сапаттуу билим берүүнү көздөгөн жаңылануу аракеттери баскыч-баскыч менен жүзөгө ашырылат. Бул жагдайда Акылбек Жапаров окуу программаларын толук кайра карап чыгуу зарылчылыгын билдирди. Кыргызстандын билим берүү тармагын реформалоонун багыттарына арналган форум системаны өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду. Максат - билимдүү, жигердүү келечек муунду тарбиялоо. 

Окуу программаларын эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташтыруу, окутуунун сапатын жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, ийкемдүү мамилени киргизүү жана эң маанилүүсү чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу. Бул Министрлер Кабинетинин билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш негизги кадамы. Антпесе билим берүүнүн сапатын жакшыртууга болгон умтулуу жолунда Кыргызстан ар кандай программаларды сынап, көп убакытты текке кетирди дейт Акылбек Жапаров.