Жаңылыктар
Кант кызылчасын өткөрүүдөгү кыйынчылыктар
Айыл чарба
Кант кызылчасын өткөрүүдөгү кыйынчылыктар

Кант кызылчасы түшүмдүү болду. Баарын сатып алабыз деп убада берген “Кайыңды-Кант” заводу кабыл алуу пункттары күнү-түнү иштеп жатат. Бирок, суткалап кезек күткөн дыйкандар нааразычылыгын айтып даттанууда. POST1RIGHT

Быйыл Талас жана Чүй облустарында 11 миң гектардан көп аянтка кант кызылчасы айдалган. Түшүм да мол болду. Заводдун кабыл алуу пункттары күнү-түнү иштегенине карабай, тонналап кызылча жүктөгөн автоунаалар заводдун кире беришинде суткалап кезек күтүүдө. Дыйкандар кабыл ала турган жайлардын кыбырап иштегенине нааразы.



Кант кызылчасынын көптүгүнө карабай “Кайыңды-Кант” заводу баарын сатып алат. Бир күндө 4 миң тоннага чейинки кызылча кабыл алынууда. Буга чейин, мындай өлчөмдө кабыл алуу болгон эмес. Кант кызылчасы көп болгондуктан, кезек күтүү табигый көрүнүш дейт кабыл алуучулар.

Ал эми кызылчаны иштете турган дагы бир ири өндүрүш - Шопоков шаарындагы “Кошой” заводу 2007-жылдан бери иштебей турат. Качан оңдолоорун айткан киши жок. Эгер ал модернизацияланып ишке кирсе, Кыргызстан ата мекендик кумшекер менен 100 пайызга камсыз болмок дешет адистер.