Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жумушу уланууда
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жумушу уланууда

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтор өз ишин уланууда.

2023-жылга карата жолугушуулардын графигине жана дипломатиялык каналдар аркылуу жетишилген макулдашууга ылайык, Бишкек шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. 

Кийинкисин Тажикстандын аймагында өткөрүү пландаштырылды. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүү абалында өттү.