Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын карата Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жүз миң сомдон берилет. Тийиштүү буйрукка Президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Буйрукка ылайык, материалдык жардам Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарынына, Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы, "Блокадалык Ленинграддын жашоочусуна" белгиси менен сыйланган адамдарга берилет. 

Мындан тышкары 2023-жылы согуштун ардагерлерине мурдагы жылдардагыдай эле Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого карата бир жолку акчалай жөлөкпулдар берилет. 

Жалпысынан республика боюнча 68 адам бир жолку материалдык жардам алышат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом каралган. 

Бир жолку материалдык жардамды төлөө 2023-жылдын 9-майына чейин банктык эсептерге которуу жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.