Жаңылыктар
Жети кыргызстандык машыктыруучулар эмгек сиңирген машыктыруучу болушту
Спорт
Жети кыргызстандык машыктыруучулар эмгек сиңирген машыктыруучу болушту

Жети кыргызстандык машыктыруучу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамын алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Машыктыруучулар бул наамдарды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 23-декабрында бекиткен бирдиктүү классификациясы боюнча алышкан.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу наамын» бокс, дзюдо, кулатуу жана самбонун өкүлдөрү алышты.

- Гавва Юрий Степанович, бокс

- Кенжебаев Акназар Аскарбекович, бокс

- Өмүрбеков Тимур Марадович, дзюдо

- Өнарбоев Акжол Махаматкодирович, самбо

- Абдралиев Эмильбек Субанбекович, самбо

- Раев Замирбек Абжапарович самбо

- Ибраев Райымбек Ташибекович, кулатуу