Жаңылыктар
Жол жээгинде күйүүчү май сатууга уруксат жок
Кыргызстан жаңылыктары
Жол жээгинде күйүүчү май сатууга уруксат жок

Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга айып салынууда. 

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти. Жол жээгинде бензин жана солярка саткандарга карата атайын рейд өткөрүлүп, аныкталган мыйзам бузууларга карата тийиштүү проткол толтуруп, 3 миң сомдон айып салынууда. 

Мындан тышкары жол көзөмөлдөө кызматкерлери сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май тилсиз жоонун чыгышына алып келүү коркунучу бар экенин жана жолдор боюнча мыйзамга туура келбестигин эскертишүүдө.