Жаңылыктар
Тигүү тармагы колдоого муктаж
Экономика
Тигүү тармагы колдоого муктаж

Жеңил өнөр жай тармагын ирилештирүүнү өкмөт колдоого алды. Бул туурасында жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Сапар Асанов билдирди. Айтымында тигүү ишканаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирип, бир жерге топтоо керек. Мындан улам алар өкмөттөн иштебей турган эски заводдордун аймагынан коммуникациялык байланышы бар жерди ижарага сурап жатышат.  

Азыр 150 киши иштеген бул ишкана мындан он беш жыл мурун жалгыз машина менен жумушту баштаган. Алгач ички рынокко чыгып, кийинчерээк кийим кечектерин Орусия менен Казакстандын базарларына жеткире башташкан. Башында санга, эми сапатка көңүл буруп калганын айткан ишкананын жетекчиси, өкмөттөн көмөк болсо дагы да өрүш алмакпыз дейт. 


Жеңил өнөр жайчылар өкмөттөн тигүү зонасын куруу үчүн ижарага жер сурап жатышат. Бирок ал жерде инженердик коммуникация болушу керек. Анткени дал ушул байланыш түйүндөрүнө көп каражат кетет. Эгер эски заводдордун аймагынан жер берилсе, эки жыл ичинде ири ишкана зонасын куруп, кошумча 20 миң жумуш орунун түзүүнү жеңил өнөр жай ассоциациясы убада кылууда. 

Тигүү ишканалары туш болуп жаткан дагы бир көйгөйлүү маселе жумушчулардын жетишсиздиги. Бажы биримдигине киргени, Орусияга жумуш издеп кеткендер тигүү тармагындагы адистердин тартыштыгына алып келди.

Негизинен Кыргызстандын тигүүчүлөрү жакынкы коңшулардан бир топ алдыда. Баштарынан кыйын кезеңди өткөргөн ишканаларда азыр байпактан баштап, баш кийимге чейин тигилет. Арийне ага карата ири компаниялардын да буйрутмалар түшүп жатат. Бирок алар имараттан баштап, жумушчулардын отурган ордуна чейин карагандыктан биздики эл аралык жаңы стандарттарга туура келбей калууда. Андыктан технополисти түзүп, эл аралык стандарттарда иштөө экономикага чоң өбөлгө болуп берет. Анткени учурда Кыргызстанда тигилген кийимдин токсон пайызы экспортолот.