“Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин орундатабыз”. Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Мамлекет жетекчисинин катышуусунда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.