Жаңылыктар
Композитор Муратбек Бегалиев "Кылым залкары" сыйлыгына ээ болду
Маданият
Композитор Муратбек Бегалиев "Кылым залкары" сыйлыгына ээ болду

КР Эл артисти, белгилүү  композитор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Муратбек Бегалиев “Кылым залкары” сыйлыгына ээ болуп, мындан тышкары “Алтын Төш” белгиси менен сыйланды. “Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандары” коомдук бирикмеси тарабынан берилген сыйлыктарды тапшыруу аземи салтанаттуу концерт менен коштолду.   

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясын негиздеген Муратбек Бегалиев кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө салым кошкондордун баш сабында тургандыгын СССРдин эл артисти Кайыргул Сартбаева белгилеп өттү.

Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев бул сыйлыкка күтүүсүздөн ээ болгондугун, сүйүнүчүн, ырахматын кантип жеткирээрин билбей тургандыгын толкундануу менен билдирди.

Муратбек Бегалиев 1955-жылы Жумгал районунун Минкуш шаарчасында төрөлгөн.. Композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, эмгек сиңирген ишмери,  Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.  Улуу талант республикалык адистештирилген Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп -интернатта труба, кларнет, фагот аспаптарында  ойноону үйрөнгөн. 1974-1977- жылдары Кыргыз Мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, 1977-1982-жылдары Москва мамлекеттик  Чайковский атындагы консерваторияда окуган. 1984-жылы Мосвада өткөн композиторлордун Эл аралык конкурсунда  симфониялык поэмасы үчүн  баш байгеге ээ болгон.

“Кылым залкары” сыйлыгы жана “Алтын Төш” белгиси “Кыргыз Республикасынын ардактуу инсандары” оомдук бирикмеси тарабынан ыйгарылды.