Россия заводунан ыңгайлуу баада битум сатып алынууда. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен транспорт жана коммуникациялар министрлиги 70 миң тонна кара чайырды ортомчусуз, ыңгайлуу баада заводдон түз сатып алууга келишим түзгөн. Ушул тапта битумдун алгачкы партиясы Кыргызстанга келип түштү.