Жаңылыктар
Томас Шеннондун расмий иш сапары, жарака кеткен алаканы жандандырабы?
Саясат
Томас Шеннондун расмий иш сапары, жарака кеткен алаканы жандандырабы?

Америка  Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон 27 -29-октябрь аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанды расмий иш сапары менен кыдырат. Бул тууралуу АКШнын  Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Шеннондун Борбордук Азияга болгон алгачкы сапары. Америкалык дипломат аталган мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп, мурунку СССРдин курамындагы Борбор Азия өлкөлөрү менен байланышты өнүктүрүү аракетин улантмакчы. Анын алкагында Борбор Азия аймагындагы беш өлкөнү жана АКШны камтыган “С5+1” линиясы боюнча кызматташуу маселелери талкууланат.

Шэннон алгач Астанага келет, Бишкекте болсо 26-27-октябрь күндөрү болот. Сапардын жүрүшүндө өлкөнүн расмий жетекчилери, парламент депутаттары менен жолугушмакчы. Мамлекеттик департаменттин башкы катчысынын орун басары мындан тышкары жарандык коом өкүлдөрү менен пикир алышып, 1916-жылкы окуяда курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коет.

Шеннон андан ары Ташкент жана Самаркандга барып, өлкө жетекчилиги, бизнес-коомчулук, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушат. Ал ошондой эле Ислам Каримовдун бейитине  зыярат кылат. Эсиңиздерге сала кетсек үстүбүздөгү жылдын август айында Вашингтондо Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери жана Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекет катчысынын катышуусунда С5+1 форматындагы саммити өткөн . Акыркы 10  жылдын ичинде  Кытай, Россиянын   таасири күчөгөн аймактар менен АКШ   да өткөн жылдан  бери кызматташтыгын күчөтүүнү көздөөдө. Бул   жолугушуу мурдагы  жылы күздө Самарканд  калаасында  өткөн саммиттин уландысы  болгон . Күн тартибинде экономика, экология жана коопсуздук маселелери  талкууланган. С5+1 форматынын учурунда  Вашингтон   Борбор Азия менен жогоруда сөз болгон  үч маанилүү тармак тууралуу  кызматташтыгын жандантуу. 

Ташкент Дуйшөмбүдөн айырмаланып  афган өзбектердин арасында өз саясатын 1991 –жылдан бери  кылдаттык менен ишке ашырууда. И.Каримов каза болгондон кийин Вашингтон келечекте өлкөнүн кайсы саясий ишмери  менен тил табыш  керек деп башы ооруп жаткан учуру. Анткени  АКШнын  Ташкент Москва жана Пекин менен жакындашып кетеби деген чоочулосу бар.Ошол эле убакта балким Вашингтон  жакынкы арада Өзбекстанда өтчү президенттик шайлоодо Ш.Мирзеевке каршы , британиялык  Оксфорд университетинин магистратурасын бүтүргөн,батышчыл деп эсептелген Рустам Азимовту колдойбу деген суроо жаралат.

Же болбосо оппозициядагы саясатчы Мухаммад Салихке көмөк көрсөтөбү?   Ошондуктан  жакынкы келечекте  Вашингтон өзгөчө Өзбекстан менен мамилесин чыңдайт. Ал эми  Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти өткөн жылы Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” аттуу сыйлыкты бергенден кийин Кыргызстан  нааразы болуп, Вашингтон  менен кызматташтык жөнүндөгү келишимди бир жактуу токтоткон. Ошол бойдон кыргыз-америка алакасы көп жакшы оңоло элек. Дал ушул себептен Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен мамилесин кайра жандандырууга абдан кызыктар . Беш өлкөдө  акыркы он жылдыкта Кытайдын экономикалык таасири артты. Америка  Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон   Вашингтон тарабынан экономикалык долбоорлор  иш жүзүнө ашат деп убада  берген күндө да  ишке ашарына  айрым эксперттер күмөн саноодо .  

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.

Тааныштырган Мирбек Сакенов    Биринчи радио