Жаңылыктар
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандар акысыз дарыланышат
Ден соолук
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандар акысыз дарыланышат

Жарандар гепатиттин вирустук В жана С түрүнөн акысыз дарыланышат. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматы боюнча, дарттын алгачкы диагностикасы боюнча кызмат көрсөтүүлөр бардык жарандарга жеткиликтүү болот. 

Ал үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгердин жолдомосу менен текшериле алышат. Оору аныкталса кошумча текшерүү жалпы практикалык борборлордо же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт. Гепатиттин В жана С түрүн аныктоодо бардык анализдер үчүн кан жашаган жери боюнча гана алынат. 

Ал эми бул илдет менен мурдатан жабыркаган бейтаптар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна каттоого турушу керек.