Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы арзандаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, нефтетрейдерлер менен жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин менен дизелдин наркы төмөндөөдө.
Күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө, өзгөчө жазгы талаа жумуштары маалында кымбатташына жол бербөө үчүн жума сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат.
Өлкөдө бензин, солярка жана дизелдик майдын кору жетиштүү экенин “Нефтетрейдерлер” ассосациясы билдирген.