Жаңылыктар
Баткендин Өрүк-Зар айылында жашоочулардын демилгеси менен 6 км жолго асфальт төшөлөт
Аймак
Баткендин Өрүк-Зар айылында жашоочулардын демилгеси менен 6 км жолго асфальт төшөлөт

Кадамжай районунун Өрүк-Зар айылында жергиликтүү жашоочулардын күчү менен 6 чакырым жолго асфальт төшөлөт.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлү элет тургундары менен жолугушуусунда кыштактын негизги каттамынын курулушу боюнча маселелерди макулдашты. 

Ага облус башчысынан тышкары район акими, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү дагы катышкан. Анда жолдун сапаты жана каржылоо маселеси дагы талкууланды. Өрүк-Зар айылынын негизги каттамын асфальттоого жергиликтүү эл 6 млн сом топтогон. Ал эми айылдык эки ишкер 1 млн сомдон салым кошкон. 

Ак-Турпак айыл аймагы жергиликтүү бюджеттен 6 млн сом бөлсө, жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан 15 млн сом каралган.