Жаңылыктар
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо
Кыргызстан жаңылыктары
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо

Бүгүн өлкөнүн Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында 14 айылдык кеңеште жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтүүдө. 

Беш облуста 53 шайлоо тилкесинде жарандар добуш берүүдө. Жалпы болуп 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 97си аялдарга берилет. Шайлоочулар ар бир талапкер тууралуу шайлоо тилкелериндеги жарнак баракчалардан же Боршайкомдун порталындагы “Талапкер” бөлүмүнөн толук маалымат алса болот. Бул ирет Баткен аймагындагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарында биринчи жолу электрондук добуш берүү долбоору пилоттук негизде киргизилди. Анда дүйнөнүн 14 мамлекетинде жашаган 841 жаран катталган жери боюнча аралыктан добуш берүү боюнча арыз менен кайрылган. 14 айылдык кеңеште биригип 71 миң 884 шайлоочу бар. Шайлоочулардын саны контролдук тизмеде 188ге дагы көбөйдү. Борбордук шайлоо комиссиясында онлайн түрдө кайсыл аймакта канча адам добуш бергени жана аралыктан добуш берүү тартиби толук көрсөтүлүп турат. Шайлоо кечки саат 8ге чейин уланат.