Жаңылыктар
Электрондук добуш берүү
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук добуш берүү

Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулууда. Азыр бул пилоттук режим катары киргизилди. Онлайн добуш берүү биринчи жолу колдонулуп жатат. Бул үчүн биометрикалык каттоосу бар шайлоочулар 24-мартка чейин «Тизме» порталы жана добуш берүү тилкелери аркылуу арыз тапшырышкан. Аталган ыкма ички миграциядан улам добуш бере албай калгандардын шайлоого укугун камсыз кылууга негиз болот.