Жаңылыктар
Баткен: Электрондук добуш берүү ыкмасы колдонууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Баткен: Электрондук добуш берүү  ыкмасы колдонууда

Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Аксай айылдык кеңештеринде да шайлоо өз учурунда башталып, добуш берүүчүлөр белгиленген тартип боюнча жарандык милдетин аткарууда.

3 айыл аймакта 97 талапкер катталган. Алардын 30у аял киши. Жалпы 13 шайлоо тилкеси иштөөдө. 16 миң 106 шайлоочу катталган. Баткен районунда өтүп жаткан шайлоонун бул жолку өзгөчөлүгү Самаркандек, Ак-Татыр жана Аксай айылдык кеңештеринде “Электрондук добуш берүү” пилоттук долбоору сындан өтүүдө. Анда ички жана тышкы миграцияда жүргөндөр аралыктан, атайын порталдагы электрондук кол тамгасы аркылуу добуш бере алат. Учурда бул укугунан пайдаланууну үчүн 825 киши алдын ала арыз берип, катталган. 

Ошондой эле бул сапар Самаркандек айыл аймагындагы 5 шайлоо тилкесинде алдын-ала дайындалган бюллетень колдонулбайт. Ал тилкелерде модернизацияланган идентификациялык жабдык да сындан өтөт.