Жумгал районундагы 2 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо башталды. Райондун Чаек жана Көк-Ой айыл өкмөттөрүндө бүгүн таңкы саат 08:00 де шайлоо участкалары ачылып, тургундар добуштарын бере башташты.
Жалпы эки айылда 9 шайлоо тилкелери болсо, шайлоочудардын саны 10 244 адамды түзөт. Райондун борбору Чаек айылдык кеңеши 21 мандаттуу болсо ага жалпы 46 талапкер, ал эми Көк-Ой айылдык кеңешинде 11 мандатка 21 талапкер ат салышкан. Эки айылдык кеңеште депутаттыка талапкерлигин койгондордун арасында 25и аялдар. Ошондой эле кечээ, 8-апрелде мөөнөтүнөн эрте добуш берүүгө 22 адам арыз менен кайрылышкан, алар көчмө урна менен бардыгы өз добуштарын беришкен.