Жаңылыктар
Анталияда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Анталияда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду

Анталияда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду. 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кырсык 8-апрелге караган түнү болгон. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, 27 жаштагы Сулейман Байрам унааны катуу ылдамдыкта айдап бараткан. Ал рулду башкара албай калып, унаа эстакаданын бетон мамысын сүзгөн. Катуу соккудан машина экиге бөлүнүп, күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы кыргыз жараны жана түркиялык 27 жаштагы адам каза болгон. Унаанын ичиндеги дагы бир 23 жаштагы жүргүнчү кыргыз жараны экени айтылды. Анын акыреги сынып, ооруканага жаткырылды. Абалы канааттандырарлык, - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинен. Кырсыктан каза болгон 29 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгүн өлкөгө жеткирүү маселеси каралууда.