Кечээ күнү таңкы саат 04:15тер чамасында Жалал-Абад облусундагы Кара-Инген айылындагы тоо этегинде жайгашкан турак жайга чагылган түшүп, күйүп кеткен.
Ошол учурда үйдө 14 жаштагы үч бала болгон. Алар терезеден чыгуу үлгүргөн. Алардан башка эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Балдар учурда туугандарыныкында. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган.