Жаңылыктар
БШК: Шайлоодо мыйзам бузуулар жок
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: Шайлоодо мыйзам бузуулар жок

Айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өнөктүгүндө бул убакытка карата мыйзам бузуулар катталган жок. 

БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында саат 11ге карата 14 айыл аймактагы 72 миңден ашык шайлоочунун 4,5% өз добуштарын беришкен. Ал эми пилоттук долбоор катары ишке кирген электрондук добуш берүүгө катталган жарандардын 25% жарандык милдетин аткарды. Пайыздык көрсөткүчтөр боюнча Талас облусунда 6,8%, Ош облусунда 5,5%, Нарын аймагында 4,3%, Баткенде 3,2% ал эми Чүйдө 2,9% шайлоочулар добуш берүүгө катышты.