Жаңылыктар
Ыкчам байланыш борбору кызматта
Кыргызстан жаңылыктары
Ыкчам байланыш борбору кызматта

Шайлоонун жүрүшүндө жарандар үчүн "1255" ыкчам байланыш борбору иш алып барууда. 

Кыска номур аркылуу шайлоочулар өнөктүк тууралуу маалымат жана электрондук добуш берүүнүн шарттарын сураса болот. Эскерте кетсек, аралыктан шайлоо Баткен облусунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарында өтүүдө. БШКнын ыкчам байланыш борбору шайлоонун жүрүшүндө ачыктыкты камсыз кылуу максатында уюштурулган. Ошондой эле жарандар шайлоо өтүп жаткан 53 тилкенин кайсы биринде мыйзам бузуу же шайлоо эрежелерине дал келбеген көрүнүштөр байкалса, жеринен кабарласа болот. Ал үчүн бардык тиешелүү тараптар убагында чара көрүүгө даяр.