Жаңылыктар
Лейлекте 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлекте 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Лейлектеги дагы 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон чакан бизнес ачуу үчүн акчалай жардам көрсөтүлдү. Материалдык жардам социалдык контракттын негизинде аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында берилди. Долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна дем берүү, ошондой эле иш менен камсыз кылуу аркылуу жашоо деңгээлди жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылууда.