Ички иштер органдарынын, Куралду күчтөрдүн ардагери, полковник Аскарбек Төрөбаев каза болду. Ал быйыл 71 жашка чыкмак. Төрөбаев 1952-жылы Ат-Башыда төрөлгөн. СССР Ички иштер министрлигинин Жогорку мектебинде билим алган. Ошондой эле Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. Ички иштер органдарындагы эмгек жолу ИИМдин Нарын облусундагы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө инспектор болуу менен башталган. Бул учурда кесиптештери менен биргеликте оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачышкан. Ал эмгек жолунда облустук ички иштер башкармалыгын жетекчинин орун басары кызматтарын бир нече жолу аркалаган. Үзүрлүү эмгеги, ак кызматы, күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн бир нече медаль ыйгарылган. Муну менен катар Чек ара кызматында дагы эмгектенген. Анын жаркын элеси жана элине кылган ак кызматы кесиптештеринин, жакын санаалаштарынын эсинде калат.