Бишкектеги Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан эки кишини топурак басып калып, бирөө көз жумду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Адам өмүрүн алган окуя кечээ, 8-апрелде, болгон. Кырсык боюнча маалымат түшөрү менен 112 кызматы беш куткаруучу менен барган.
"Ошол жерден каза тапкан 31 жаштагы жарандын сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 26 жаштагы жаранды Тез жардам кызматы алып кетти", — деп айтылат маалыматта.