Жаңылыктар
Бүгүн, 10-апрелде Жоламан Шаршенбеков килем үстүнө чыгат
Спорт
Бүгүн, 10-апрелде Жоламан Шаршенбеков килем үстүнө чыгат

Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты болууда.

10-апрелдеги мелдештин экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча дагы 5 медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 5 спортчу килем үстүндө күч сынашат.

Беттештер 11:30да старт алат.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Кыргызстан курамасы 2 медаль утуп алды – Акжол Махмудов Азия чемпиону болсо, Роман Ким коло байгеге ээ болду.

10-апрелдеги жуптардын курамы

60 кг

1/4 финал

Жоламан Шаршенбеков - Умит Дурдыев (Туркменистан) - Сумит (Индия) күрөшүнүн жеңүүчүсү менен беттешет.

67 кг

1/8 финал

Куотаро Согабе (Жапония) - Раззак Бейшекеев

72 кг

1/8 финал

Адилхан Нурланбеков - Лоики Амирхонзода (Тажикстан)

82 кг

1/4 финал

Акылбек Талантбеков - Рохит Дахия (Индия) - Арян Бин Азман (Сингапур) беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт

97 кг

1/8 финал

Сейол Ли (Корея) - Үзүр Джузупбеков