Жаңылыктар
Базар-Коргондо жоголгон өспүрүм табыла элек
Өзгөчө кырдаал
Базар-Коргондо жоголгон өспүрүм табыла элек

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүм табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 14 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 

Кечээ, 9-апрелде издөө иштерин 15 куткаруучу улантып, бирок жыйынтык болгон эмес. Издөө иши бүгүн дагы уланууда.