Жаңылыктар
Ысык-Көлдө бороондо калгандар куткарылды
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Көлдө бороондо калгандар куткарылды

Ысык-Көлдө бороондо калган эки жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 7-апрелде саат 21:30 чамасында эки жаран Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен кетип, унаа жол бороон болгондуктан байланышка чыкпай, дайынсыз болушкан. 

Кечээ, 9-апрелде жерине ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ, унаа жолду тазалоого 1 жүктөгүч жана УКМКнын “Кара-Сай” чек-ара заставасынан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган. 

Жогорудагы аталган жарандар заставадан 18 чакырым аралыктан аман-эсен табылган. Абалдары жакшы.