Жаңылыктар
Өзбекстанда бензиндин баасы кайрадан көтөрүлдү
Экономика
Өзбекстанда бензиндин баасы кайрадан көтөрүлдү

Коңшу Өзбекстанда кайрадан бензиндин баасы көтөрүлдү. 23-октябрда Өзбек бийлиги күйүүчү май 30 пайызга чейин көтөрүлө тургандыгын жар салды. АИ-80 маркасындагы бензиндин мамлекеттик баасы 2075 сумдан сатылса, учурда өлкөнүн айрым аймактарында айдоочулар бир литрин 2800дөн куйууда. Ал эми Кыргызстанда бензин октябрдын 10да эле 5 тыйынга, дизель 1 сомго чейин көтөрүлгөн. Орто Азияда күйүүчү майлардын кымбаттоо себеби эмне? Бул көрсөткүч канча убакка чейин кармалат?

Ташкентте бензин тартыштыгы үстүбүздөгү жылдын август айында эле башталган. Шаардагы май куйуучу жайларда түштө эле күйүүчү май түгөнүп калып, кезекке жетпей калган унаа ээлери кийинки күнү танкы саат төрттөн тарта кезекке турушуп жаткандыгын айдоочулар массалык маалымат каражаттарына билдирип чыккан. Узундугу 2-3 чакырымга жеткен кезекке туурууларды шаардын тургундары видеого тартып интернетке салышкан.

Ал эми кычыраган кыштын алдында Өзбекстанда 23-октябрдан тарта АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2075 сумдан 2800 сумга чейин көтөрүлдү. Май куйуучу жайлардан айдоочулар Аи-91ди 3 миңден, Аи-95ти 3300 сумдан куйууга аргасыз. Кара майдын кымбаттоосу боюнча расмий Ташкент азырынча эч маалымат бере элек. Ал эми Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурунку төрагасы Базарбай Мамбетовдун белгилөөсүндө коңшу Өзбекстандагы күйүүчү майдын тартыштыгы өлкөдө нефти өндүрүүнүн азайгандыгы менен байланыштуу.

Ал эми Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы октябрдын башында эле  көтөрүлгөн. Бирок коңшу мамлекеттердеги абал менен салыштыруу оорунсуз. Аи 92 үлгүсүндөгү бензин болгону 5 тыйынга, дизель 1 сомго чейин кымбаттады. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун айтымында бензин менен дизель майынын кымбатташы Орусиянын нефть өндүрүүчү заводундагы баанын жогорулашына байланыштуу.

Ошондой эле Орусиядагы нефти заводдорунда күзгү оңдоп-түзөө иштери башталды. Анын себебинен өндүрүштүн көлөмү азайып, күйүүчү майлардын баасына таасир этип жатат деп түшүндүрүп өттү 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 24-октябрда Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 тыйын, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39 сомдон ал эми дизель майы 34,50 тыйындан сатылууда.