Жаңылыктар
Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 

Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн, 10-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу кооптуу деп эсептелет.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.