Жаңылыктар
Акылбек Талантбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты
Спорт
Акылбек Талантбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

Ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты болуп жатат. Грек-рим балбаны Акылбек Талантбеков 82 кг салмак категориясында финалга чыкты.

Аталган спортчу өз жолун ¼ финалдан баштап, индиялык атаандашы Рохит Дахияны 7:1 эсебинде уткан. Жарым финалдык кармашта Иран өкүлү Алиреза Мохмадипианини 8:0 эсебинде тизе бүктүрүп, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Чечүүчү күрөштө жергиликтүү спортчу Диа Кален менен жолугат.

Буга чейин 60 кг салмак чен бирдикте Жоламан Шаршенбеков финалга чыккан.

82 кг

1/4 финал

Акылбек Талантбеков - Рохит Дахия (Индия) - 7:1

1/2 финал

Акылбек Талантбеков - Алиреза Мохмадипиани (Иран) - 8:0

Финал

Акылбек Талантбеков - Диас Кален (Казакстан)