Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын жеңүүчүсү
Спорт
Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын жеңүүчүсү

Ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты болуп жатат. Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак категориясында чемпион аталды.

Аталган спортчу өз жолун ¼ финалдан баштап, индиялык атаандашы Сумитти 10:0 эсебинде уткан. Жарым финалдык кармашта жапониялык Маито Каванону 4:0 эсебинде тизе бүктүрүп, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Финалда Жоламан Шаршенбеков кореялык Хан Жае Чунгду 10:0 эсебинде утуп, алтын байгенин ээси аталды.

60 кг

1/4 финал

Жоламан Шаршенбеков - Сумит (Индия) - 10:0

1/2 финал

Жоламан Шаршенбеков - Маито Кавана (Япония) - 4:0

Финал

Жоламан Шаршенбеков - Хан Жае Чунг (Корея) – 10:0