Жаңылыктар
Жалпы салмагы 3 тоннага жакын 60 кап “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалпы салмагы 3 тоннага жакын 60 кап “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 2023-жылдын 7-апрелинде УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте КР 1995-жылы туулган К.М.Э. аттуу жаранынын башкаруусунда “03KG987AAJ” мамлекеттик номурлуу “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан кармалган.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткич табылган. 

Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан. Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.