Жаңылыктар
Садыр Жапаров Азия чемпионатында ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады
Спорт
Садыр Жапаров Азия чемпионатында ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады

9-апрель күнү Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алды. Турнирдин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү күч сынашып, Кыргызстан курамасы жалпы командалар арасында 2-орунду ээледи. Ал эми Кыргызстандын капчыгына Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков алтын, Үзүр Джузупбеков күмүш, Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков коло медаль салды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров расмий баракчасы аркылуу спортчуларды куттуктады.

“Алтын жеңген Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков, күмүш байгенин ээси Үзүр Джузупбеков, коло медалды уткан Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков кыргыз элин кубанычка бөлөдү. Бул ийгилик биздин спорт өнүгүп жатканынан кабар берет. Бардык спортчуларды элдин жана жеке өзүмдүн атыман куттуктайм”,-дейт президент Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө башчы кыз-келиндер арасында Кыргызстандын намысын коргой турган балбандарга да ийгилик каалап өттү.