Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада (Казакстан) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан улуттук курама команданы куттуктап, телефон чалды.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, 10-апрелге караган түнү Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен болгон сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан алтын, күмүш жана коло медаль жеңген спортчуларды куттуктады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бүтүндөй өлкө улуттук курама команда үчүн жан үрөп жатканын анын ичинде калыстын катасынан чемпионатта «күмүш» алган Үзүрбек Жузупбеков үчүн катуу тынчсызданып жатканын белгиледи», - деп айтылат маалыматта.
«Биз спортчуларыбыз менен аябай сыймыктанабыз. Турнирдин алгачкы күндөрү эле биздин капчыкка 7 медаль түштү. Бул жакшы башталыш! Алдыда өлкө намысын коргой турган спортчуларыбызга ийгилик каалайм»,-дейт Жапаров өз билдирүүсүндө.