Жаңылыктар
Калмира Билимбек кызы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи
Спорт
Калмира Билимбек кызы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан) спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын болууда.

59 кг чен бирликте Калмира Билимбек коло байге үчүн күрөштө казак балбаны Диана Каюмованы 11:6 эсебинде утуп, коло байгени утту.

Белгилей кетсек, алдыда Мээрим Жуманазарова дагы коло байге үчүн беттешет. Анын атаандашы башка казак спортчусу Елена Шалыгина болот.

Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмак категориясынын финалдык кармашында казакстандык Элмира Сыздыкова менен жолугат.