Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова жаракат алып калды
Спорт
Мээрим Жуманазарова жаракат алып калды

Ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан) спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын болууда.

68 кг чен бирликте Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөштө казак балбаны Шалыгина менен кезигип, жаракатына байланыштуу беттешти уланта алган жок. Ошентип, атаандашы Елена Шалыгина коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, башка кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы 59 кг чен бирликте Диана Каюмованы утуп, коло байгенин ээси аталды.

Алдыда Айпери Медет кызы 76 кг салмак категориясынын финалдык кармашында казакстандык Элмира Сыздыкова менен жолугат.