Таштанды контейнерлеринин жанына видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Азырынча Бишкек шаары боюнча эң көйгөйлүү деп эсептелген 4 жерге коюлду.
Максат белгиленбеген жерге таштанды ыргытып, шаардын тазалыгына кайдыгер караган жарандар менен күрөшүү. Ордо калаа боюнча дагы 11 камера орнотулат.