Жаңылыктар
Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Жер титирөө 11-апрелде саат 23:08де Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.