Ушул күндөрү кыз-келиндер арасында Азия чемпионаты болууда.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг ченде жарым финалда Нанока Одзаки менен беттешти. Күрөш 2:2 эсебинде жыйынтыкталып, упайдын артыкчылыгы Айсулуу тарапта болуп, финалга жолдомо алды.
Мындан мурун 57 кг ченде Бермет Нурдин жарым финалдык күрөшүн уттуруп жиберди. Эми ал коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Айта кетсек, 11-апрелде Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбекова коло медалды Кыргызстандын капчыгына салды.