Жаңылыктар
Бермет Нурдин кызы коло байге үчүн болгон күрөштө утулуп калды
Спорт
Бермет Нурдин кызы коло байге үчүн болгон күрөштө утулуп калды

Ушул күндөрү кыз-келиндер арасында Азия чемпионаты болууда.

Бермет Нуридин кызы 57 кг ченде 3-орун үчүн болгон таймашта казак спортчусу Нилуфар Раимовага 0:7 эсебинде жеңилип калды.

Алдыда 62 кг салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште монголиялык Орхон Пуревдорж менен кезигет.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова мындан мурун дал ушул спортчуга 2018-жылы Азия оюндарынын финалында утулуп калган.

Андан тышкары, 11-апрелде Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбекова коло медалды Кыргызстандын капчыгына салды.