Ушул күндөрү кыз-келиндер арасында Азия чемпионаты болууда.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг ченде монголиялык Орхон Пуревдоржду 9:5 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Эске салсак, 2018-жылы Айсулуу Тыныбекова дал ушул спортчуга Азия оюндарынын финалында утулуп калган.
Учурда кыз-келиндер Кыргызстан курамасында үч медаль бар. Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбекова коло медалдын ээси болду.