Жаңылыктар
Балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылары аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылары аныкталды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

Бул аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.